• 88.68
  • 95
  • 0.95

Финполдун мурдагы башчысы Таиров күнөөлүү деп табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) мурдагы башчысы Бакир Таиров КРнын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмүндө (Коррупция) каралган кылмыш белгиси боюнча күнөөлүү деп табылды. Мындай чечим Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Таировго VI категориядагы эсептик көрсөткүчтүн 2650 (эки миң алты жүз элүү) өлчөмүндө, башкача айтканда 265 миң (эки жүз алтымыш беш миң) сом өлчөмүндө айыл салынды.

Эскерте кетсек, УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан Финполдун мурдагы башчысы Таиров мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз акча каражатын алуу фактысы аныкталган. 2020-жылы декабрда ал кармалган.

Мындан мурда прокурор менен Таировдун ортосунда кызматташтык тууралуу келишим түзүлгөнү айтылган.

Мындан тышкары, Таиров келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары республикалык бюджетке 20 млн сом төккөн.

Пикир

Оставить комментарий