• 88.68
  • 95
  • 0.95

Коррупция фактысы боюнча Чүйдүн Москва районундагы "жер мафиясынын" мүчөлөрү кармалды (видео)

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Коррупция фактысы боюнча Чүй облусунун Москва районундагы "жер мафиясынын" мүчөлөрү кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

УКМК тарабынан жер бөлүштүрүүдөгү коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КР Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары кызматынын Москва филиалынын жер кадастры бөлүмүнүн башчысы Ж.Р., Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн жер адиси Х.Ж., Александровка жана Беловодск айыл өкмөттөрүнүн экс-башчысы К.Д.Ш., Москва районундагы Александровка айыл өкмөтүнүн экс-башчысы Б.И.Ю. жана Москва районундагы Александровка айылдык Кеңешинин экс-спикери К.С. кармалды.

Жогоруда аталган адамдар акчалай сый акы үчүн жер комиссиясынын жалган протоколунун жана "Жерлерди трансформациялоо жөнүндө" Айылдык Кеңештин токтомунун негизинде жалпы аянты 22,3 гектарды түзгөн, Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылынын аймагында жайгашкан 30дан ашык жер участокторун жеке жактарга беришкен.

Ошол эле учурда, кызыктар тараптарга жер участокторун берүү максатын көздөп, Александровка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерине муктаж жарандардын кезек күтүү журналын жасалмалашкан.

Мындан тышкары, милдеттүү жер төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында айыл-чарба жерлерин жасалма адамдарга ижарага берүү жөнүндө жалган келишимдерди түзүү, ошондой эле жерлердин категориясын (сугаттан кайрак жерге) атайылап которуу үчүн аукциондорду формалдуу өткөрүү фактылары аныкталды.

Натыйжада, бул адамдар мыйзамсыз аракеттери менен 200 гектардан ашык айыл чарба жерлерин, сарайларды, ошондой эле Бишкек шаарынын элиталык турак жайларындагы кыймылсыз мүлктөрдү ээлеп алышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 2-мартында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинде (коррупция) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына жана КР Юстиция Министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилди.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана мыйзамсыз алынган жерлерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий