• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сүлүктүдө мал уурулуктун бети ачылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Сүлүктүдө мал уурулуктун бети ачылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Раззаков айылынын 27 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну Сүлүктү шаарындагы Майтоңбоз жайытында жайгашкан короосунан белгисиз адамдар койлорун уурдап кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган.

Бул арыз Сүлүктү ШИИБне КР Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 4 баш койду козулары менен, жалпылап айтканда 8 баш малын белгисиз адамдар короосунунун кулпусун бузуп уурдап кеткендиги аныкталган.

Сүлүктү ШИИБнин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада 21 жаштагы Н.у Н. менен 21 жаштагы А.А. аттуу Сүлүктү шаарынын тургундарын кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган Сүлүктү шаарынын 2 тургуну былтыркы жылдан бери бодо мал уурдап, сатып жүргөндүгү белгилүү болгон. Ал эми уурдалган 8 баш кой өз ээсине кайтарылды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий