• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан эл аралык сотто "Манас банкы" боюнча талаш-тартышты толугу менен утуп алды

Коом 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 23-мартында Франциянын Жогорку кассациялык соту В.Белоконь менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы "Манас банкына" байланыштуу көп жылдык талаш-тартышка чекит койгон чечим чыгарды. Бул тууралуу КР Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мындай чечим үчүн В.Белокондун кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча операциялардан пайда алуусу негиз болду (аталган банк мекемесинин ишинин алкагында).

Бул чечим акыркы, жана В.Белоконь Кыргыз Республикасына карата талаптары мындан ары башка соттук же арбитраждык жол-жоболордун алкагында каралышы мүмкүн эмес.

Териштирүүнүн хронологиясы:

2014-жылдын 24-октябрында Валерий Белоконь менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы териштирүүдө арбитраждык чечим чыгарылган, ага ылайык мекенибиз В. Белоконьго таандык болгон "Манас банктын" мүлкүн мыйзамсыз, мажбурлап ээликтен ажыратуу үчүн 16 миллион АКШ долларынан ашык төлөөгө милдеттүү болгон.

2017-жылдын 21-февралында бул арбитраждык чечим жокко чыгарылган, анткени сот Франциянын эл аралык коомдук тартибине каршы келет деген тыянакка келген, ага ылайык, башка финансылык кылмыштар менен катар кылмыш жолу менен алынган кирешелерди эл аралык адалдоого каршы күрөшүү эл аралык коомдук тартиптин маанилүү элементтеринин бири болуп саналат.

2021-2022-жылдары В.Белоконь Париж сотунун чечимине Франциянын Кассациялык сотуна даттанууга жана Кыргыз Республикасына каршы арбитраждык чечимдин юридикалык күчүн калыбына келтирүүгө аракет кылган.

Франциянын Кассациялык соту Париж сотунун чечимине даттануу жөнүндө ишти карап чыгып, 2022-жылдын 23-мартындагы чечиминде Париж шаарынын апелляциялык сотунун 2017 -жылдын 21-февралындагы чечиминин тууралыгын толук тастыктады.

Пикир

Оставить комментарий