• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Медакадемияда Борбордук Азияда алгачкылардан болуп гистология музейи ачылды

Коом 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Борбордук Азияда алгачкылардан болуп гистология музейи ачылды.

Музейде буга чейин XIX кылымда түзүлгөн сейрек кездешүүчү микроскоптордун жана оптикалык техниканын заманбап үлгүлөрүнүн кеңири коллекциясы коюлган.

Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү кабарлагандай, музейдин ачылышына депутат Аида Исатбек кызы катышкан.

Эл өкүлү өз сөзүндө музей коллекциясы жаңы экспонаттар менен толукталып, келечектеги дарыгерлерге медицинада жаңы нерселерди түшүнүүгө жана клетка менен ткандардын өнүгүүсүндөгү жаңы ачылыштарга өтүүгө жардам берерин белгиледи.


Маалымат үчүн: Гистология — айбанат жана кишинин ткандары жөнүндөгү илим. "Гистология" терминин илимге 1818-жылы немец илимпозу К. Майер киргизген.

Гистология ткань эволюциясын түшүндүрүү, организмдин өсүүсүн (гистогенез), клетка функциясын жана ар кыл ткандардагы клеткалардын өз ара байланышын ж. б. изилдейт. Гистология өзүнчө илим катары 19-кылымдын 30-жылдары өөрчүгөн. Ал мезгилде микроскоп өркүндөтүлүп, ткань даярдоо техникасы бир кыйла өнүккөн. 1839-ж. немец биологу Т. Шванн аныктаган клетка теориясы гистология методологиясына негиз болгон. 19-кылымдын 2-жарымы 20-кылымдын башында эпителий тканы, ички ткань, булчуң тканы, нерв ткандары жөнүндө маалымат алынган. Гистология жалпы жана айрым болуп бөлүнөт. Жалпы гистология ар кыл типтеги клеткага таандык өнүгүү процессин, дифференцияга туруктуулугун сактоо механизмин жана анын өзгөрүүсүн түшүндүрөт. Жалпы түйүлдүктүн өөрчүшүндөгү ткандын түзүлүү гистогенезин, ошондой эле жаныбар тканынын жаңырып турушун (жараат, үшүк ж. б.) изилдейт. Айрым гистология органдын гистологиялык жана клеткалык структурасын, гистохимиялык жана гистофизиологиялык өзгөчөлүктөрүн билип, жыйынтыктап, органдын кыймыл аракетин аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий