• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жалал-Абад шаардык милициясы бир нече телефон уурдаган жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык милициясы бир нече телефон уурдаган жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 4 жаран арыз менен кайрылган. Алар 9-февралдан 5-мартка чейинки аралыкта базар ичиндеги соода жайларынан күндүзгү убакытта уюлдук телефондорун белгисиз кылмышкер уурдап кеткендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан. Жабырлануучулар уюлдук телефондорун соода кылган контейнерлеринде зарядда же отурган жеринде калтырып, өздөрү жакынкы аралыкта эле болушкандыгын белгилешкен. Жалпы келтирилген чыгым 70 миң сомдон ашуун акчаны түзгөн.

Бул фактылар Жалал-Абад ШИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ШИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяларга шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон 1992-жылы туулган М.И. аттуу Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалган. Ал 2022-жылдын 13-январь күнү Молдовановкадагы жаза аткаруу мекемесинен бошоп келгендиги белгилүү болгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө М.И. 2 айга КР ЖАКнын Ош шаарындагы №25 мекемесине камакка алуу түрү тандалган.

Пикир

Оставить комментарий