• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кызды сүзүп, качып кеткен “Лексус” унаасынын айдоочусу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын 12-январында 2005-жылы туулган кыз милициясы арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 14:45тер чамасында белгисиз айдоочу Кулиев көчөсү менен тндүк тарапка бара жатып, Чүй көчөсүнүн кесилишине жетпей арыз ээсин сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендиги айтылат. Натыйжада арыз ээси жол кырсыгынан жабыркап, № 3 балдар ооруканасына кайрылган.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары “Лексус” үлгүсундөгү автоунаанын 1979-жылы туулган Т.З. аттуу айдоочусун кармашкан.

Азыркы учурда автоунаа убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, ал эми айдоочусу Бишкек ШИИББнын Тергө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий