• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Ленинград блокадачыларынын бошотулушунун жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

Коом 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Даир Асанов атындагы паркындагы Ленинград блокадачыларынын эстелигинин жанында Ленинграддын фашисттик блокададан бошотулушуна арналган митинг-реквием өттү.

Аталарды эскерүү үчүн КРнын президентинин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Россиянын КРгы элчиси Андрей Крутько, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, Улуу ата-мекендик согуштун ардагерлери жана мектеп окуучулары келген.

Эсеналиев өз сөзүндө жакында 27-январда Кыргызстан фашисттер тарабынан орноткон блокададан Ленинградды бошотуунун 75 жылдыгын белгилей тургандыгын билдирип, президент Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун окуду:

"4,5 миңден ашык кыргызстандык немец фашистери тарабынан орнотулган блокададан Ленинградды бошотуу үчүн күрөшкөн. Ошондой оор маалда биздин эл ленинградчыларды колдогон. 1942-жылы эки жумага жетпеген убакытта 48 вагон азык-түлүк жана кийим-кечек чогултулуп Ленинградга жиберилген.

Улуу ата-мекендик согуш убагында Ленинград блокадасынын 16 миңден ашык элин Кыргызстан кабыл алган. Анын ичинде 3,5 миңи жаш балдар болгон. Ошол оор жылдары республиканын шаарларында жана айылдарында балдар үйлөрү, интернаттар жайгашып, ал жерлерде жаракат алган Ленинград блокадасынын жашоочуларын дарылашкан. Биздин мекендештерибиз эвакуация болуп келген балдарды, өздөрунүн балдарындай карап, багышкан. Согуштан кийин көптөрү Ленинградга кайтып кетишкен, бирок көптөрүнө Кыргызстан экинчи мекен болуп калган.

Биздин аскер кызматчыларыбыздын, тылдагы эмгекчилердин жана Ленинград блокадасынын тургундарынын кайраттуулугу жана эр жүрөктүүлүгү мекенге кызмат кылуунун чоң үлгүсү болуп келет. Силерге терең таазим. Дайыма үйүңөрдө тынчтык жана бакубатчылык болсун”.

Өлкө башчысынын кайрылуусунун соңунда, Эсеналиев КРнын президентинин атынан Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомчулугунун төрайымы Анна Кутановага материалдык жардам көрсөттү. Ал эми шаардык кеңештин төрагасы Абиров Кутановага “Патриот” өзгөчө белгисин ыйгарды.

Кутанова өсүп келе жаткан жаңы муунга үлгү. Ал 13-14 жаш кезинде өзү жашаган шаарга чоң коркунуч келген кезде өзүнүн кичинекей жашына карабастан, улуу адамдарга жардам көрсөткөн.

“Мен отрядды башкаргам. Биздин отряд чатырларды тазалап, чатырда күзөт жүргүзчүбүз. Бизди бомбаларды кычкачтар менен алганды үйрөтүп, биз аларды чатырдан ыргытчубуз. Менде бактылуу балалык болгон жок, мен чоң кишидей жашадым. Андан тышкары мен байланышты камсыз кылчуумун. Ар кандай маалыматтарды кайсыл жерлерде атуулар, бомба таштоолор болгондугу тууралуу маалыматтарды кабыл алып, штабга жеткирип турганмын. Мен 43 жашымда Ленинградды коргогондугум үчүн медаль алгам”, - деп эскерет Кутанова.

Бул иш-чарага келген катышуучулар жана мектеп окуучулар эстеликтерге гүл коюшкан.

Ленинград блокадасы 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин созулуп, 871 күн уланган. Атуулардан жана ачкачылыктан 641 миңден ашык жашоочу көз жумган.

Кыргызстан 16 миңден ашык адамды кабыл алынган. Жалпысынан Кыргызстанда 148 ардагер жашайт. Анын ичинен 11 блокадачы.

Пикир

Оставить комментарий