• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Париждеги аэропортто шиш таканын айынан кооптуу абал түзүлүп, жүргүнчүлөр эвакуацияланды

Дүйнө 0

Бишкек, 25.01.19 /Кабар/. Париждин "Орли" аэропортунда журналист кыздын шиш такаcынын айынан кооптуу абал жаралып, бир нече залдагы жүргүнчүлөр эвакуацияланды, деп жазат le parisien гезити.

Аэропортун кызматкерлери Марокконун Касабланка шаарына учуп бара жаткан аялдын багажында жардыруучу затка окшош буюмду байкашкан.

Эки залдагы жүргүнчүлөр чыгарылып, аймак курчоого алынган. Сумканы текшергени келген саперлор өчүп-күйө турган саркеч шиш такалар бар экенин аныкташты.

Текшерүү учурунда бут кийимдин ээси мода жөнүндө жазган басылмалардын биринде иштей тургандыгы аныкталган.

Аэропортто катталган окуянын айынан авиакаттамдар 3 саатка кармалган.

Пикир

Оставить комментарий