• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана санариптештирүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 05.10.23./Кабар/. Бишкекте санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаеванын жетекчилигинин алдында мамлекеттик органдардын катышуусунда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана санариптештирүү боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.

Жумушчу кеңешмени ачып жатып министр Кутнаева көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтарды тез аранын ичинде санариптик форматка өткөрүү зарылчылыгын билдирди.

“Бүгүнкү күндө биздин эң бир башкы максаттарыбыздын бири – Калкты тейлөө борборлорундагы жаралган кезектерди кыйла азайтуу. Бул кызматка дайындалган алгачкы күндөрүмдө эле Калкты тейлөө борборлоруна адамдар көбүнчө эмне маселелери менен барышат, бул багытта статистикалык маалымат даярдоону жана терең талдоону тапшырма катары бергем. Муну менен бирге, ошол эле адамдар алып жаткан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү үйдөн же жумушунан чыкпай эле санариптик форматта алуусуна шарт түзүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу тапшырмасын бергем. Биз максималдуу түрдө жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүп беришибиз зарыл”, - деди ал.

Кеңешме маалында Калкты тейлөө борборлорундагы жаралган кезектердин бирден бир себептеринин бири болуп жарандардан айрым мамлекеттик органдар талап кылышкан маалымкаттардын санариптештирилбегени саналат. Жарандар кагаз маалымкаттарын алуу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна барышат, натыйжада мамлекеттик кызмат алууда узакка созулган кезектер жаралат.

Жумушчу кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдардын алдына кагаз маалымкаттарын тез аранын ичинде санариптештирүү жана “Түндүк” тутумунун санариптик форматына өткөрүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу тапшырмасы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий