• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “Манастын урпактары:” Эл жомогу – Эл мурасы” фестивалы өттү

Маданият 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. 25-майда Республикалык “Сейтек” балдар чыгармачылык борборунда “Манастын урпактары:” Эл жомогу – Эл мурасы” VI шаардык фестивалы болуп өттү.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучулары катышты.

Балдар "Акылдуу дыйкан", "Бугу эне" жомогунан жана "Чоң казат", "Манастын түшү" эпосторунан үзүндүлөрдү айтып беришти.

Калыстар тобу баш байгени №127 мектепке чейинки билим берүү уюмуна (МЧББУ), 1-орунду №82 жана №14 МЧББУ, 2-орунду №180 жана №64 МЧББУ, 3-орунду №187 жана №22 МЧББУга ыйгарды.

Ошондой эле активдүү катышкандыгы үчүн №75, №14, №5 мектепке чейинки билим берүү уюмдары диплом менен сыйланды.

Фестиваль балдарды оозеки элдик чыгармачылык аркылуу кыргыз элинин маданиятына тартуу менен салттуу билимдерди жана маданий-тарыхый мурастарды жайылтуу максатында уюштурулган.

Белгилей кетсек, фестиваль Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий