• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мас айдоочу жолдо оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан жумушчуну өлтүрө сүзүп алган

Кырсык 0


Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Бишкекте мас айдоочу жолдо оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан жумушчуну өлтүрө сүзүп алган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда саат 01:55тер чамасында 20 жаштагы И.Б. аттуу айдоочу мас абалында “Мазда-Демио” унаасы менен Горький жана Айдаралиев көчөлөрүнүн кесилишинен адамды сүзүп кеткен.

Ал жолдогу оңдоп-түзөө иштерин көрсөтүп турган жол белгилерин карабай ошол жерде иштеп жаткан “Аргын-Курулуш” ишканасынын 27 жаштагы Т.Ы. аттуу кызматкерин сүзүп алган.

Жол кырсыгынын натыйжасында Т.Ы. ошол жерде көз жумган.

Унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу тергөө кызматына жеткирилген.

Тийиштүү соттук-медициналык, автотехникалык экспертизалар дайындалып,тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий