• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мектеп жетекчилеринин форуму өтөт

Билим 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Бишкекте өлкө мектептеринин жетекчилеринин форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Иш-чара 1-3-ноябрь күндөрү өтөт.

Иш-чаранын алкагында россиялык ЖОЖдордун жана Кыргыз Республикасынын мектептеринин кайчылаш кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоонун заманбап ыкмалары , мугалимдин жөндөмдүү окуучулар менен иштөөгө даярдыгы, педагогикалык кызматкерлердин компетенциясын жогорулатуу, Кыргызстанда жана Россияда жаштар менен иштөөнүн жаңы форматтары багытындагы маселелерди талкуулоо боюнча тегерек столдор пландаштырылган.

Форумдун ачылышына билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Россия кызматташтыгынын жетекчисинин орун басары Павел Шевцов, "РОСБИОТЕХ"Жогорку билим берүү боюнча федералдык мамлекеттик бюджеттик билим берүү мекемесинин жаштар саясаты боюнча проректору Владимир Шутенконун катышуусу күтүлүүдө.

“Орус тили мектептин билим берүү системасында. Натыйжалуу билим берүү мейкиндигин түзүү жана башкаруу” темасындагы мектеп жетекчилеринин форуму Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде өтөт.

Суроолор боюнча байланыш номери: 0554 445 566 / 0312 62 35 91

Пикир

Оставить комментарий