• 88.68
  • 95
  • 0.95

Он эсеге көп китеп басылып чыкты. Билим берүү министрлиги окуу китептери боюнча

Билим 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. 2023-жылы 1 млн 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып чыгат жана ушул жылдын сентябрь айынан баштап мектептерге борборлоштурулуп жеткириле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 10 эсеге көп. 2022-жылы 123 миң китеп басылган.

Министрликтин ошондой эле окуу китептерине байланыштуу бир катар суроолорго жооп беришти.

1. Окуу китептерди кайсы басмакана басып чыгарууда?

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 352 “Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын “Учкун” ачык акционердик коому даярдайт. Ал үчүн атайын жаңы техникалык каражаттар алынган.

Мурун китептер жеке басмаканаларда даярдалып баасы бир кыйла жогору болгон.

2. Жылына республикалык бюджеттен китеп басып чыгарууга канча каражат бөлүнөт?

2023-жылы республикалык бюджетте окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга китеп ижарасынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 млн сом каралган. (152 млн сом республикалык бюджет, 172 млн сом китептин ижарасынан түшкөн каражат).

3. Баардык окуучуларды китеп менен толук камсыздоого канча каражат талап кылынат?

Орто эсеп менен бир окуучуга 10 китеп керек болсо, бир китептин баасы орто эсеп менен 300-350 сомду түзсө, анда 1 447 717 окуучуга 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат.

4. Быйыл басылып чыга турган китептердин, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолордун тизмеси кандай?

Быйыл төмөнкү китептер жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор басылып таратылат:

  • “Алиппе” (1-кл.),
  • “Физика” (7-8-кл.),
  • “Информатика” (7-9 кл.),
  • “Химия” (8-кл.),
  • “Адам жана коом” (7-9-кл.),
  • “Диндердин өнүгүү тарыхы” (7-8-кл.)
  • “Англис тили” (Оксфорд басмасынын китептери) (7-8-класс).

5. Ижарага бериле турган китептердин тизмеси жана ижара акысы кандай болуп чечилди ?

2023-2024-окуу жылында бир китептин ижара акысы 25 сомду түзөт жана ал жылына бир жолу тѳлөнөт.

Окуу китептерин ижарага берүү тартибине ылайык, колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөгү балдарга окуу китептери бекер же жеңилдетилген шарттарда берилет.

Аларга беш же андан көп балалуу үй-бүлөдөгүлөр, социалдык жөлөк пул алган, аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдар, ата-энесинин бири же экөө тең I жана II топтогу майып болгон үй-бүлөдөгү жана атасы же энеси гана бар үй-бүлөдөгү, аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүндөгү, аскердик же кызматтык парзын аткарууда каза болгондордун же укук коргоо органдарынын майып болуп калган кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүндөгү окуучулар, жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жана ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар кирет.

Ал эми ижара акысынын 50 пайызын төлөп китеп алуу укугуна 3-4 баласы бар үй-бүлөнүн балдары ээ болот.

Жалпысынан 2023-2024-окуу жылы мектептер үчүн 110 окуу китептери ижарага берилет.

6. Базарда сатылып жаткан окуу китептери кимге таандык?

Тилекке каршы, жаңы басып чыгарылган же басууга даярдалып жаткан окуу-усулдук комплекстердин баары министрликке таандык эмес, алардын айрымдарына автордук мүлктүк укуктар жеке менчик басмаларга таандык. Автордук мүлктүк укуктар “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзам менен жөнгө салынат.

Эгер кайсы бир жеке же юридикалык жак финансылык киреше табуу максатында контрафакттык товарды даярдоо жана сатуу менен байланышкан мыйзамсыз аракеттерге барса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Министрлик ата-энелерди азыркы кырдаалга түшүнүү менен кароого, китеп басып чыгаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты колдоого чакырат. Ошону менен бирге министрликтин 2023-жылдын 14-августундагы № 4868/1 буйругу менен бекитилген тизмектерге кирбеген окуу китептерин сатууга да, колдонууга да тыюу салынарын эскертет.

7. Мектептерди компьютерлер менен камсыздоо иши кандай жүрүп жатат ?

2020-жылы 700 компьютер бөлүнсө, 2023-жыл Санариптик өнүктүрүү министрлигинен 2200 ноутбук, Дүйнөлүк банктан 25000 компьютер, ЮНИСЕФтен 100 компьютер жана Билим берүү жана илим министрлиги тендер аркылуу 836 компьютер алды. Жалпысы 28 000 ашык компьютер мектептерге берилди.

8. Мектептерди эмеректер менен жабдууга канча каражат каралды?

Быйыл мектептерге республикалык бюджеттен 67 млн сомго эмеректер алынып берилет.

Пикир

Оставить комментарий