• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сурдо спорттук күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан алтын тагынды

Спорт 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын сурдо грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Сүймөнкул Икрамов Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 72 кг чейинки салмакта катышкан. Алгач 1/4 финалдык беттеште түркиялык балбанды жеңген. Жарым финалдык беттеште өзбекстандык балбанды уткан.

Ал эми финалдык беттеште ирандык балбанды жеңип, алтын медаль тагынды.

Пикир

Оставить комментарий