• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Кооптуу жүк” рейди — эки саатта 27 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында үстүбүздөгү жылдын 30-октябрынан 2-ноябрына чейин "Кооптуу жүк" аталышындагы профилактикалык иш-чара жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Рейддин алкагында Чүй облусунун аймагындагы “Сосновка” стационардык постунда кооптуу жүк ташуучу унаа каражаттарынын техникалык абалы, айдоочу курам менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргузүлдү.

Кемчиликтер аныкталган айдоочуларга протокол толтуруп, жалпы эки сааттын ичинде 27 мин сом айып салынды.

"Кооптуу жүк" рейдинин максаты — өлкө айганыда орун алган жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кооптуу жүк ташуучу унаа каражаттарынын катышуусу менен болгон жол кырсыктарын алдын алуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий