• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектепке электрондук каттоо системасы Кыргызстандын алты шаарында иштей баштады

Билим 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. 15-февралдан тартып мектепке электрондук каттоо системасы Кыргызстандын алты шаарында иштей баштады. Алар - Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Токмок жана Кара-Балта шаарлары. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, электрондук каттоодо быйыл өзгөрүүлөр бар. Эгер өткөн жылы алгачкы үч айда жазылуу бир гана микроучастоктордо жүрсө, быйыл бир мезгилде микроучасток боюнча да, андан сырткаркы аймактардагы мектептерге да жазылса болот. Ал 15-августка чейин уланат.

Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ал ата-энелер үчүн да ыңгайлуу.

Жаңы окуу жылында жогорудагы алты шаарда 32 миң бала мектепке барары пландалууда.

Белгилей кетсек, мектепке электрондук каттоо пилоттук долбоору 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Анын жардамында борбордогу мектептерге 19 126 окуучу биринчи класска кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий