• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте "Музыкалык Эркиндик" жаңы жерде өтөт

Маданият 0

Бишкек, 11.01.19. /Кабар/. "Музыкалык Эркиндик" маданий иш-чарасы бул жолу көнүп калган Эркиндик бульварында эмес, "Дордой Плаза 2" борборунда 12-январда өтөт.

Уюштуруучулар билдиргендей, алгачкы "Музыкалык Эркиндик" 2016-жылы 7-апрель күнү өткөн. Ошол күндөн тарта бул иш-чара 19 жолу өткөрүлгөн.

Бул социалдык демилге шаардын тургундарына жагып, белгилүү бульвардын негизги атрибуту болуп калган. Идеянын автору жана уюштуруучусу болгон Оlolo art studio жетекчиси Данияр Аманалиев.

"Музыкалык Эркиндиктин" негизги ою – музыка жана искусство аркылуу айлана чөйрөгө жана шаарга жагымдуу таасир тийгизүү.

Пикир

Оставить комментарий