• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз курулган объектилерди демонтаждоо уланууда

Коом 0

Бишкек, 22.12.22. /Кабар/.Бишкекте мыйзамсыз курулган объектилерди демонтаждоо уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айни-Дагестан көчөлөрүнүн кесилишиндеги жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн жеңил типтеги уруксатсыз коюлган объекти алынды.

Ошондой эле жол оңдоп-түздөө иштеринин алкагында Садырбаев көчөсүндөгү жарнак металл конструкциясы алынып, жол тазаланды.

Мындан тышкары, Жумабек көчөсүн бойлой мыйзамсыз курулган объектинин от жага турган меши, кире бериш бөлмөсү, тосмосу, дарбазасы алынды.

Пикир

Оставить комментарий