• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз миграция уюштурган Пакистандын жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Бишкекте милиция алдамчылык жана мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактылары боюнча Пакистандын жаранын кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, пакистандык Н.М. аттуу жаран Кыргызстанга иштөө визасын ачуу үчүн 1 миң доллар алып, ушул күнгө чейин ачпай, изин жашырып жүргөндүгү жана өзү менен кошо Пакистандан 15-20дай адамды Кыргызстанга иштөө алып келгени да аныкталган.

Ошондой эле шектүү аларды алдоо жолу менен материалдык пайда көрүү максатында аларды Кыргызстанда 600 доллардан жогору айлыкка ишке орноштурам деп убада берип, бирок туристтик виза менен Кыргызстанга келгенден кийин Бишкек шаарында жайгашкан тигүү цехтеринин бирине ишке киргизген.

Оозеки түрдө келишим түзүлгөндөн кийин чакыруучу Н.М. тарабынан айтылган убадалар, эмгек акы, жашай турган жер жана башкалар аткарылган эмес.

Учурда шектүү Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий