• 88.68
  • 95
  • 0.95

Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Башкы прокуратура тарабынан Арстан Алай деген каймана ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин каза болгон фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Текшерүүдө Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 31-мекемесинин жооптуу кызмат адамдары “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү” КР Мыйзамынын талаптарын аткарбай, айыпкер А.Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракеттерди жасап жаткан учурга көңүл бурбай, анын жеке коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларды көрбөгөндүктүн натыйжасында 2024-жылдын 5-январында А..Абдылдаев өз өмүрүнө кол салып, асынып каза болгондугу аныкталды", - деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголуп, тергөөнү жүргүзүү Аскер прокуратурасына тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий