• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жолдордогу жасалма дөңчөлөр демонтаждалууда

Коом 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Бишкекте жолдордогу жасалма дөңчөлөр демонтаждалууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, унаа тыгындарын алдын алуу максатында "Бишкекасфальтсервис" ишканасы Милициянын кайгуу кызматы жана райондук администрациялардын көрсөтмөсүнө ылайык жасалма дөңчөлөрдү демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Жыл башынан бери 12ден ашык бир жана 3 метрдик ылдамдыкты азайтуучу дөңчөлөр демонтаждалды.

Бүгүнкү күндө бригада Калыс-Ордо конушундагы 11 жана 109-көчөлөрдүн кесилишинде иш жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, демонтаждоо иштери төмөнкү объектилерде аяктады:
- Матыев көчөсүндө 260/1 үйүнүн маңдайында;
- Л.Толстой менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Матыев/Тажик көчөлөрүнүн кесилишинде;
-Л.Толстой/7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Жантөшөв/Б.Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Каралаев/Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилишинде.

Пикир

Оставить комментарий