• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү уланууда

Коом 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгү борбордун мыйзамсыз объектилерин тазалоо иштерин улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, уруксатсыз орнотулган объектилердин ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдѳ, Учкун кичи районундагы ээси жок күркөлөр, Айни көчөсүндөгү тоок гриль пункту жана Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы жарнак баннерлери алынды.

Азыркы учурда Абдымомунов көчөсү 286/1 дарегиндеги жана Малдыбаев көчөсүндѳгү мыйзамсыз орнотулган темир тосмолорду демонтаж кылуу улантылууда.

"Мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектини көрсөңүз, 0777147493 номерине чалыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: @ uzs.bishkek
Twitter: @uzsmeriakg

Пикир

Оставить комментарий