• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте МЖӨнү өнүктүрүү боюнча эл аралык конференция өз ишин улантууда

Коом 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Бишкекте Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) өнүктүрүү боюнча эл аралык конференция өз ишин улантууда.

Конференцияга КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Ал өз сөзүндө конференциянын катышуучуларына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана жеке өзүнүн атынан салам айтты.

“Мен беделдүү аудитория жана анын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жаткан конференцияга катышуу мүмкүнчүлүгүм болгонуна кубанычтамын. Бул жерде отургандардын баары МЖӨ механизминин негизги катышуучуларын билдирет. Аталган иш-чараны өткөрүү демилгеси министрлер кабинетинин Кыргызстанда инфратүзүмдүү долбоорлорду ишке киргизүү үчүн кеңири масштабдуу реформаларды өткөрүүнү колдоосунун бир бөлүгү болуп саналат. Конференция Кыргызстанда МЖӨнү жаңы деңгээлге чыгарууга, КРда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн бирдиктүү инфратүзүмдүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ири эл аралык инвесторлорду жана эл аралык эксперттерди тартууну жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенем. Ошондой эле энергетика, транспорт жана саламаттык сактоо жаатында инфратүзүмдүү долбоорлордун жаңы моделдеринин актуалдуу маселелери каралат”, - деди ал.

Конференция МЖӨ реформасынын мамлекеттик стратегияларын, ийгиликтүү эл аралык МЖӨ практикасын жана кабыл алынган стандарттарды көрсөтүү үчүн аянтча катары кызмат кылат.

Конференциянын алкагында КРда МЖӨнү өнүктүрүүнү талкуулоо, Борбор Азия чөлкөмүндө МЖӨнүн алдындагы келечегин көрсөтүү жана МЖӨнү өнүктүрүүнүн эл аралык тажрыйбасын талкуулоо пландалууда.

Иш-чарага 200дөн ашуун катышуучу, андан тышкары өлкө жетекчилги, КРда МЖӨ агенттиктеринин жетекчилери, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр жана МЖӨ жаатында эксперттер катышууда.

Конференциянын алкагында семинарларды, панелдик талкууларды, тематикалык жана тармактык секцияларды камтыган 10дон ашык иш-чара пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий