• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттен 321 миң адам айлык акы алат - өкмөт

Коом 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттен 321 миң адам айлык акы алат. Бул тууралуу мамлекеттик органдардын тутумун реформалоодо сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Бакыт Аманбаев билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын айлык акыларды төлөөгө бюджеттен 48 млрд сом каралат.

"Эгер бул суммага пенсия жана жөлөк пулдарды алып жаткан жарандарды кошсок, анда 118 млрд сомду түзөт", - дейт ал.

Аманбаев ар бир мамлекеттик органды жана министрликти реформалоо жана оптимизациялоо керектигин белгиледи.

"Кайталанган функцияларды алып салуу жана мамлекеттик органдардын ишин натыйжалуу кылуу керек", - деп кошумчалады аппарат жетекчи.

Пикир

Оставить комментарий