• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте оюн аянтчаларын ачууга тыюу салуу азырынча күчүндө калат — мэрия

COVID - 19 0

Бишкек шаарынын мэриясында борбордун социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдындагы шаардын эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында эпидемиологиялык кырдаал жана COVID-19ка каршы чаралар талкууланды, ошондой эле Бишкектеги балдардын көңүл ачуу борборлорунун ассоциациясынын кайрылуусу каралды.

Вице-мэр шаар боюнча санитардык эрежелерди сактоону күчөтүүнү тапшырды, райондук администрациялардын башчылары мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиологдору менен биргеликте оорунун булактарынын очокторун издөө масштабын көбөйтүшөт.

Өз кезегинде балдардын көңүл ачуучу жайлары, соода жана көңүл ачуу борборлорундагы оюн аянтчалары боюнча, комиссия оюн аянтчаларын ачууга тыюу салуу азырынча күчүндө калат деп чечти.

“Туруктуу эпидемиологиялык кырдаал түзүлгөн учурда, аталган оюн аянтчаларын ачуу маселеси комиссиянын кийинки отурумунда каралат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мэриядан кошумчалашкандай, борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон, оорунун көбөйүшү байкалууда.

“Сизди жана сиздин жакындарыңызды коргоо үчүн болгону 4 эреже бар: бет кап тагынуу, колуңузду антисептик менен дарылоо, аралыкты жакшы сактоо жана эң натыйжалуусу эмдөөдөн өтүү.Төмөндө нөөмөттө турган дарыгерлердин пункттарынын даректери жана номерлери: https://www.meria.kg/ru/post/21916”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, өткөн суткада борбор калаада коронавирустук инфекция жана жугуштуу пневмониянын 144 учуру аныкталды, анын 126 учуру COVID-19, 18 учуру пневмония. 228 адам айыкты. Тилекке каршы, сегиз адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий