• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте майрамдык айт намаз окулду

Коом 0

Бишкек, 21.08.18. /Кабар/. Бүгүн эртең менен Бишкек шаарындагы Эски аянтта шаар тургундары жана коноктору айт намаз окушту.

Аянтка бир нече миңдеген адамдар чогулган.

Айт намаздын алдында чогулгандардын алдына КР президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун атынан чыгып сөз сүйлөдү. Ошондой эле чогулгандарды Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов куттуктады. Алар бардык кыргызстандыктарга, тынчтык жана ден соолук каалашты.

Куттуктоолордон кийин майрамдык айт намаз окулду.

Курман айт майрамы Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий