• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ОшМУнун сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 23-сентябрда ОшМУда эмгектенген Исмаил Урманов, Кубанычбек Мамарайымов, Мухтар Ысмайыловдордун 60 жылдык мааракесине арналган “180 градус” аталыштагы көргөзмөсү уюштурулуп, ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз катчысы Зинагүл Нуралиева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрилигинен, Билим берүү жана илим министрлигинен өкүлдөр, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, окутуучулар, студенттер, кесиптештери жана искусство күйөрмандары катышты.

Көргөзмөгө ОшМУда эмгектенген белгилүү сүрөтчүлөр Исмаил Урманов, Кубанычбек Мамарайымов, Мухтар Ысмайыловдордун 120дан ашуун пейзаж жанрындагы живопистик чыгармалары, тематикалык композициялары коюлду.

Исмаил Урманов – түштүк аймыгындагы белгилүү сүрөтчүлөрдүн бири. Ал 1997-жылдан бери Кыргызстандагы сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1990-жылдан бери республикалык, эл аралык көргөзмөлөрдө эмгектери тартууланып келет.

Кубанычбек Мамарайымов – сүрөтчү, акын, педагог, устат, актёр. "Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги", 2013-жылдан бери Кыргызстандагы сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Мухтар Ысмайылов – сүрөтчү, педагог, окумуштуу, педагогика илимдеринин кандидаты, Билим берүүнүн отличниги. 2019-жылдан бери Кыргызстандагы сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 40 жылдан ашуун убакыттан бери жаш муундарга билим, тарбия берүүдө.

“180 градус” сүрөт көргөзмөсү ОшМУнун колдоосу менен уюштурулду.

Көргөзмө 2021-жылдын 7-октябрына чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий