• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте педагогикалык билим берүүнү реформалоо маселеси талкууланды

Билим 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу педагогикалык багытта билим берген жогорку окуу жайлардын ректорлору, проректорлору, окутуучулары жана министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, кызматкерлери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында педагогикалык билим берүү тармагында реформа жүргүзүү, педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо маселелери каралды.

Министрдин орун басары Расул Абазбек уулу бүгүнкү күндө педагогикалык билим берүү системасына болгон мамилени өзгөртүүнүн маанилүүлүгүн айтып, бул багыт терең реформа жасоого муктаж экендигин белгиледи.

Катышуучулар педагогикалык билим берүүнүн модели, ага комплекстүү мамиле, педагогдун кесиптик стандарты, заманбап мугалимдин модели, педагогика багытында билим алып жаткан студенттердин мектептер менен тыгыз аракеттешүүсү, окутуунун усулу (методика) кафедрасын түзүү маселелери боюнча пикирлерин айтып, сунуштарды беришти.

Жыйындын соңунда катышуучулар педагогдун модели жана педагогдун кесиптик стандарты багыттары боюнча милдеттерди аткаруу үчүн билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги эксперттерден жана адистерден турган жумушчу топту түзүүгө макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий