• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте рейддин жүрүшүндө 2 өспүрүм унаа жуучу жайда иштегендиги аныкталды

Коом 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Октябрь акимиаты кароосуз калган балдарды жана өспүрүмдөрдү, кайыр сураган же иштеген балдарды аныктоо максатында профилактикалык рейддерди өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Балдар иштери боюнча комиссиянын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, РИИБдин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын, билим берүү борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Жыйынтыгында кайыр сураган 24 чоң киши аныкталды. "7-апрель шейиттери" мечитинде эки жашы жете элек баласы менен Сокулук районунун тургуну аныкталды. Мындай фактылардын алдын алуу боюнча аны менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Түнкүсүн текшерүү жашы жете элек өспүрүмдөрдүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз жүрүүсү мүмкүн болгон жерлерди камтыды: унааларды тейлөө станциялары, интернет клубдар.

Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек 2 өспүрүм унаа жууп жаткан жеринен табылган. Өспүрүмдөр менен Октябрь РИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын жана социалдык кызматкерлер профилактикалык түшүндүрүү иштерин өткөрүштү.

Мындай рейддер мындан ары да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий