• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте санэпидкөзөмөл борборлоруна "Нива" үлгүсүндөгү 19 унаа тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-декабрда Бишкек шаарында республикадагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна "Нива" үлгүсүндөгү 19 санитардык автотранспортту тапшыруу аземи өттү.

Унаалар Дүйнөлүк банктын "COVID-19" долбоорунун алкагында сатылып алынган.

Санитардык унаалар республиканын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында берилет. Унаалар республиканын алыскы аймактарынын жашоочуларына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жардам берет.

"Унаалар райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун адистеринин ишин жеңилдетет, жер-жерлердеги эпидемиологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн, ПЧР диагностикасы үчүн үлгүлөрдү алуу, ошондой эле республиканын эң алыскы райондорунда жана айылдарында илдетти жуктурган адам менен байланышта болгон адамдарды аныктоо үчүн барышат", - деп айтылат маалыматта.

Бөлүштүрүү планына ылайык, тез жардам унаалары: Ош шаарындагы жана Нарын, Ысык-Ата, Панфилов, Кемин, Жети-Өгүз, Тоң, Токтогул, Кара-Көл, Кара-Буура, Таш-Көмүр, Ак-Суу, Сузак , Тогуз-Торо, Чаткал, Кызыл-Кыя, Алай, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна таратылып берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий