• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Эрнисбек Ормоков шайланды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Эрнисбек Ормоков шайланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн өткөн шаардык кеңештин сессиясына 31 депутаттын 28и катышты. Бардыгы бир добуштан Эрнисбек Ормоковдун талапкерлигин колдоду. 39 жаштагы Эрнисбек Ормоков буга чейин шаардык кеңештин үч чакырылышынын депутаты, бир жолку төрагасы болгон.

Эскерте кетсек, шаар башчылыгына эки адам талапкерлигин койгон. Дагы бир талапкер Эрнист Зияйдинов шайлоо күнүндө катышуудан баш тартып, арызын кайтарып алды.

Пикир

Оставить комментарий