• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде (КМЮ) “Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуулардын алдын алуу жана студенттерге келечектеги кесиптик ишмердүүлүк тармагын тандоодо кесиптик багыт берүү” деген темада тегерек стол өттү.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, тегерек столго Свердлов районундагы мектептердин тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары жана лидерлери катышты.

Иш-чаранын максаты - жаштардын чөйрөсүндө укук бузуулардын алдын алуу жана чыр-чатактарды болтурбоо, юридикалык чөйрөдөгү кесиптердин кадыр-баркын жогорулатуу үчүн жаштарга кесиптик багыт берүү системасын өркүндөтүү болду. Ошондой эле, кесиптик-техникалык билим берүү, кадрларды даярдоо жаатында социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана Юридикалык колледж менен окуу жайлардын кызматташуусунун ийкемдүү системасын өнүктүрүү.

Тегерек столдун катышуучулары мындай иш-чараларды системалуу түрдө өткөрүү каалоолорун билдиришти.

Иш-чара Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридикалык колледжи (КМЮУ), Свердлов районунун билим берүү жана балдар чыгармачылык борборлору тарабынан «Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн укуктук билимдер» ЮК (КМЮУ) долбоорунун алкагында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий