• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте спорттун бардык түрлөрү менен машыгууга уруксат берилди

Спорт 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Бишкекте футбол, гандбол, баскетбол, теннис, анын ичинде стол тенниси, бейсбол, бадминтон, гольф, башкача айтканда, спорттун бардык түрлөрү менен машыгууга уруксат берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, машыгуулар санитардык нормаларды жана эрежелерди так сактоо менен өтүшү зарыл.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

“Калган убактылуу чектөөлөр күчүндө калат. Көчөлөрдөгү соода-сатыктар жана кызматтардын (батут, велосипед жана башкарларды ижарага берүү), тойкана жана көңүл ачуучу борборлордун (түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка), балдар оюн аянтчаларынын жана оюн-зоок борборлорунун иштөөсүнө тыюу салынган”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган чектөөлөр Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий