• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Ташкент жана Сухэ-Батор көчөлөрү оңдолот - мэрия

Коом 0

Бишкек, 05.10.20 /Кабар/. КЭР грантынын эсебинен «Көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасы башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, биринчилерден болуп Ташкент көчөсү Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин жана Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот.

Жолдорду оңдоо иштери бүгүн, 5-октябрда башталды. Эки көчөдө жол катмары, жээк таштар, ирригациялык түйүндөр жана тротуарлар алмаштырылып, жаңыртылат.

Реконструкция иштерин China Road & Bridges Corporation кытай компаниясы жүргүзөт.

“Урматтуу айдоочулар! Реконструкция иштерине байланыштуу Ташкент көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки жана Сухе-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүктөрү унаа кыймылы үчүн жабылат. Жолдорду оңдоо иштери күз айларынын соңуна чейин бүткөрүлөт”, - деп билдиришти муниципалитеттен.

Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул убакыттын ичинде калаада 5 көпүрөнүн курулушу жана жалпы узундугу 70 км болгон 60 көчөнүн жолун оңдоп-түзөө пландалууда.

Тизмедеги көпчүлүк көчөлөр кеңетилип, кайрадан оңдолуп чыгат. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.

Кайсы көчөлөр оңдоло тургандыгын бул шилтемеден билсеңиздер болот.

Пикир

Оставить комментарий