• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте троллейбус менен жеңил автоунаа кагылышып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 05.12.18 /Кабар/. Бишкекте №17 троллейбус менен Kia автоунаасы кагылышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу шаардык автоинспекциясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 5-декабрда эртең мененки саат 7.00гө жакын Юнусалиев проспектиси менен Суванбердиев көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза болуп, троллейбустун айдоочусу ооруканага жеткирилген.

Троллейбустун ичиндеги жүргүнчүлөр жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий