• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте тротуар төшөөгө тоскоол болгон объектилер демонтаждалды

Коом 0

Бишкек, 06.10.23. /Кабар/. Бишкекте тротуарларды курууга тоскоол болгон объектилерди масштабдуу түрдө демонтаждоо иштери жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Матросов жана Самачин көчөлөрүнүн боюнда болжол менен 6 жеңил объект демонтаждалган, мындан тышкары, дагы 5 объектти демонтаждоо пландалууда.

Белгилей кетсек, буга чейин чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлерине өз ыктыяры менен демонтаждоо жөнүндө эскертүүлөр берилген, бирок берилген эскертүүлөр боюнча 2 объект өз ыктыяры менен демонтаждалган.

Пикир

Оставить комментарий