• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда 29-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми Ош Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +25...+30, Талас облусунда +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл облусунда +15...+20, Нарын облусунда +17...+22 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +26...+28 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий