• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мыйзамсыз ташылып келген 4 тоннадан ашык кальян тамекилери кармалды

Коом 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз ташылып келген 4 тонна кальян тамекилери кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Бажы кызматынан билдиришкендей, "Түндүк-Чыгыш" бажысынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарында Т.Т. аттуу КР жараны айдаган "MAN" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын токтотуп, текшеришкен.

"Ал унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда мыйзамсыз ташылып келген салмагы 4 миң 32 килограмм болгон, акциздик маркасы жок "Premium water pipe tobacco "Serbetli" маркадагы кальян тамекиси табылган", - деп билдиришти Бажы кызматынан.

Айдоочуда товар мыйзамдуу экенин тастыктаган документ болгон эмес.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, материалдар сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Пикир

Оставить комментарий