• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Тил окутуучу мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу компаниясы башталды

Билим 0

Бишкек, 17.12.19./Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайрадан даярдоо республикалык институту декабрь айынан тартып тил окутуучу мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча масштабдуу компанияны баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн республиканын бардык аймактарындагы мектептердин 870 мугалими жогорку класстарда тилди окутуунун коммуникативдик методикасынын негиздерин өздөштүрүп жатышат. Инновациялык технологиялар борборунун окутуучулары практикага багытталган модулдук курстар аркылуу тил мугалимдеринин педагогикалык практикасына өзгөртүү киргизип, окутуунун эффективдүү технологияларын кантип колдонууну көрсөтүп жатышат.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында 2020-жылдан тартып мектептеги билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын жана мектеп практикасына мамлекеттик тилди билүү деңгээлине коюлган талаптары ишке ашырылыш керек.

Ага ылайык, 2023-жылы окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектеп бүтүрүүчүсү мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүүсү керек. Бул - окуучу кыргыз тилинде сүйлөп, жазып, окуп, оюн кеңири түшүндүрүп, кыскача кат жаза алат дегени. Мындан сырткары мугалимдер окуучуларды илимий тексттерди угууга жана түшүнүүгө, маалымат издөөгө, илимий стилде жазууну үйрөнүүгө, сабактарда презентацияларды жасоого үйрөтүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий