• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жети-Өгүздөгү ири өрт толугу менен өчүрүлдү – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 06.10.23. /Кабар/. Жети-Өгүздө эмерек цехи жана эки дүкөндөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-октябрда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы ири өрттү өчүрүүдө 5 бөлүм иштеп, саат 12:00дө толугу менен өчүрүлдү.

2 соода түйүнү жана эмерек жасоочу жайы күйүп, болжол менен тилсиз жоо 1900 м² аянтты кучагына алган.

Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Учурда өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий