• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте туура эмес жерге таштанды таштаган 90 ишкана аныкталды

Коом 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Бишкекте туура эмес жерге таштанды таштаган 90 ишкана аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкекте бир айдын ичинде инспекция тарабынан белгиленбеген жерлерде таштанды чыгаруунун 148 фактысы аныкталган. Эреже бузуучулардын арасында 58 жаран жана 90 ишкана бар. Аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренеси боюнча 227 миң сом суммасында айып пул салынган.

“Эреже бузуучулардын бардыгы эле күнөөсүн мойнуна алышпайт. Мындай иштер административдик комиссиянын кароосуна укук бузуучунун өзү катышкан учурда жөнөтүлөт. Ал эми айып өз убагында төлөнбөсө, айып санкциясы боюнча чыгарылган токтомго карабастан, айып пулдун үстүнө кошумча туум эсептелет”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий