• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте унаа дөңгөлөктөрүнөн чыккан өрт толук өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Бишкекте унаа дөңгөлөктөрүнөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган.

Мындан сырткары, жерине “Тазалык” ишканасынан 2 суу ташуучу унаа, ИИМден 40 кызматкер, РЭТтен 1 бригада жана жеке менчик 1 экскаватор тартылган.

Эскерте кетсек, күн мурун, 2-октябрда саат 12лер чамасында Бишкектин Широкая көчөсүндө унаа дөңгөлөктөрүнөн өрт чыккан.

Өрт бүгүн, 3-октябрда саат 12:48де толугу менен өчүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий