• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте унаа жолдорду кесип өткөн 99 жөө жүргүнчүгө айып пул салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы тарабынан жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында борбор калаада “Жөө жүргүнчү” аталышында рейд өткөрүлдү.

Кайгуул кызматынан кабарлашкандай, үч күндүн ичинде 178 укук бузуу фактысы аныкталып, 336 миң сом айып салынды.

Жыл башынан тартып жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү фактысы менен 209 жол кырсыгы катталып, 212 жаран жабыркап, сегиз жөө жүргүнчү каза болгон.

Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында Милициянын кайгуул кызматы рейддик иш-чара өткөрүп, 178 укук бузууну аныктаган.

Алардын ичинен жарандарды жөө өтмөктөрдөн өткөрбөй (жол бошотуп бербей) койгон 79 айдоочуга тийиштүү протокол толтурулуп, ар бирине 3 миң сомдон, ал эми көрсөтүлгөн жол чырактардан, жөө өтмөктөрдөн өтпөй чоң унаа жүрүүчү жолдорду кесип өткөн 99 жөө жүргүнчүнүн ар бирине 1 миң сомдон айып салынды.

Рейддик иш-чара Ош базар, Орто-Сай, Чүй жана Шопоков өңдүү көчө кесилиштеринде, ошондой эле орто мектептерге жакын чоң көчөлөрдө өткөрүлүп, жөө жүргүнчүлөргө жана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй койгон айдоочуларга түшүндүрүү жана эскертүү иштери да жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, иш-чара мындан кийин да чоң жолго жакын жайгашкан мектептердин айланасындагы жолдордо улантылат.

Пикир

Оставить комментарий