• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Максатсыз качып Бишкекке келген түрмөдөн качып кармалгандардын берген көрсөтмөсү

Укук тартиби 0


Бишкек, 28.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Түнкү саат 00:30 чамасында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайынан качып кеткен төрт качкындын экөө кармалды.

Чүй облусунун ИИББнин басма сөз кызматы түрмөдөн качып кармалган Рамил Базаркулов менен Бакыт Дилдешовдун видео көрсөтмөсүн таратты.

Облустук ИИББнын берген маалыматына ылайык, "Сирена" ыкчам планын ишке ашыруу учурунда Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан качкындардын экөө колго түшүрүлгөн.

Кармалган Базаркулов көрсөтмө берип жатып, кантип мындай болуп калгандыгын өзү да түшүнбөй калгандыгын айткан. “Бардыгыбыз бизге максатсыз эле качтык.

Бараарга жерибиз жок болчу, анан Бишкекке келдик”,-деп жооп берди Базаркулов.

Экинчи качкындын деле жообу дал ушундай болду. Учурда Бишкек жана Чүй облусунун аймагында "Сирена" ыкчам планын ишке ашыруу жарыяланып, качкындардын калган экөө изделүүдө. Алар – Кайрат Жамботоев жана Багтият Ачылтурдиев.

Эске сала кетсек, кечээ, 27-ноябрда болжол менен таңкы саат 6 чамасында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайынан төрт адам качып чыккан.

Алардын экөө кармалды:

1) Базаркулов Рамиль Муктарбекович - 1979-жылы туулган, Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну. КР Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесине (Адам өлтүрүү) ылайык камалган.

2) Дилдешов Бакыт Чыныбекович – 1979-жылы туулган. Талас облусунун тургуну. КР Кылмыш жаза кодексинин 168-беренесине (Карактоо) ылайык кармалган.

Калган эки качкынды кармоо боюнча тиешелүү аракеттер көрүлүп жаткандыгы маалымдалат.

-Ачылдурдиев Багтият Турдукулович 22.01.1985-жылы туулган. Түркмөнстанда туулган.

-Жанботоев Кайрат Байызбекович - 23.09.1989-жылкы. Чүй облусунда туулган.

Милиция качып кеткен жарандар тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү телефондорго чалып, маалымат берүүнү суранат; - 0 312 43-88-91, 43-88-85, ИИМдин нөөмөт бөлүмү жана 0 312 662331.

Аталган факты боюнча материалдар окуяга юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий