• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кошумча нарк салыгы комиссиясы боюнча сот: Түшкө чейин танапис жарыяланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда кошумча нарк салыгы комиссиясы боюнча соттук отурум болушу керек болчу.

Анда сот Эмиль Каипов төрагалык кылат. Айрым жактоочулардын жок экендигине байланыштуу түшкө чейин танапис жарыяланды.

Эске сала кетсек, 2018-жылы УКМКнын кызматкерлери атайын операциянын жүрүшүндө чет элдик жалган фирмалардын (лжефирма) жасалма документтерин жана мөөрлөрүн аныкташкан. Мамлекетке карата келтирилген зыян 600 млн. сомду түзгөн. “Интеррустрейд” жана “Полларис” ЖЧКнын жетекчилери Б. Азизбеков жана А. Мэлсовдор КРнын Салык кызматынын жана Бажы кызматынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, республикалык бюджеттен 393 млн.сом өлчөмүндөгү каражаттарды чыгарып, 239 млн. 183 миң 598 сом көлөмүндөгү салыкты төлөбөй коюшкан – жалпысынан 632 млн. 183 миң 598 сом.

Айыпталуучулар катары жалпысынан 13 адам каралууда: Баязит Азизбеков, Арстанбек Мэлсов, Алмазбек Сагынбеков, Кубанычбек Кумашов, Дильбара Боронбаева, Эсенгул Кенжебаев, Айнура Байгазиева, Максатбек Бекирова, Медетбек Рыскулов, Замирбек Ниязалиев, Арзыгул Өмүркулов, Сабырбек уулу Султан жана Алишер Ишматов. Алардын ичинде 6 салык кызматынын, 3 бажы кызматынын өкүлдөрү жана жеке жактар бар. Бардыгына алдамчылык беренеси боюнча жана атка минерлерге ээлеген кызматын кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий