• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сот Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчисинин үй камагын узартты

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Каракол шаардык соту мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин экс-кеңешчиси Мээрим Тилекованын үй камагындагы мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.

Каракол шаардык сотунун токтому менен Мээрим Тилекованын үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы 26-сентябрга чейин узартылды.

Эске сала кетсек, Тилекова үстүбүздөгү жылдын 17-майында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (“Опузалап пара алуу”) негизинде кармалган.

Пикир

Оставить комментарий