• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тоӊ районунун тургундарына уурдалган малдары кайтарылып берилүүдө

Укук тартиби 0


Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Тоң районунун тургундарына уурдалган малдары кайтарылып берилүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин, Ысык-Көл облусунун Тоӊ РИИБдин жана Чүй облусунун Кемин, Чүй райондорунун милициясынын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин өз ара биргелешип жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Чүй облусунун Кара-Ой айылынын 28 жаштагы тургуну, мурда каракчылык менен соттолуп келген К.А. жана Талас облусунун Кызыл-Сай айылынын 25 жаштагы тургуну Т.М.дан турган мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалган.

КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен жүрүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Тоӊ РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрү үстүбүздөгү жылдын январь айынан февраль айына чейинки аралыкта райондун аймагында мал уурулуктун 9 учурун жасашып, мал ээлеринен 9 баш ири-мүйүздүү малдарды жана 2 койду уурдашкандыгы аныкталган. Келтирилген чыгым
болжол менен 350 миң сомду түзгөн.

Иликтөөнүн жүрүшүндө мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү Ысык-Көл облусунан уурдашкан малдарды Чүй облусунда, ал эми Чүй облусунун аймагынан уурдаган малдарды Ысык-Көл облусунда сатып жүрүшкөнү айгинеленди.

Тоӊ районунан уурдалып, Чүй облусунун аймагында табылган малдар далил зат катары алынып, тийиштүү процессуалдык тергөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин ээлерине кайтарылып берилди.

Чүй райондук сотунун чечими менен мал уурулукка шектелип кармалган жарандарга карата камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда кармалгандардын Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагында башка мал уурулуктарга катыштыгы бар-жогун аныктоо максатында ыкчам-тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий