• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте унаасына жасалма номер тагып жүргөн жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Бишкекте унаасына жасалма номер тагып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-октябрь күнү кайгуул кызматкерлери Осмонкулов жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен “Toyota Avalon” үлгүсүндөгү унааны жасалма номер менен айдап жүрөт деген шек менен токтотушкан. Текшерүү учурунда 28 жаштагы Т.С аттуу айдоочу автоунаасынын мамлекеттик номери бар туруп, унаасына башка жасалма транзиттик номерди тагып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Аталган жарандын унаасы убактылуу токтотуучу жайга токтотулуп, айдоочу Ленин райондук милициясынын ыкчам нөөмөт тобуна өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий