• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүндөн тарта Бишкектен Балыкчыга поезд каттай баштады

Коом 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Бүгүндөн тарта Бишкектен Балыкчыга жүргүнчү поезди каттай баштады. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкектеги станциядан Рыбачье станциясына 142 жүргүнчү барды. Бишкек-2 – Рыбачье жүргүнчү поезди 57%га толгон.

Эскерте кетсек, Бишкек-2 - Балыкчы багытындагы өлкө ичиндеги жүргүнчү поезди 17-июндан 17-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 18-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттайт.

"№608 "Бишкек-2 – Балыкчы" поезди Бишкектен саат 07:40та чыгып, Балыкчы станциясына саат 11:42де жетет, ал эми № 609 "Балыкчы – Бишкек-2" поезди Балыкчыдан саат 17:48де чыгып, Бишкекке 21:50дө келет", - деп айтылат маалыматта.

Билет баасы чоңдор үчүн 150 сом, балдар үчүн 73 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий